Ссылки доступа

Лос-Анжелесте парктагы ок атуудан эки киши өлүп, бешөө жараат алды


Лос-Анжелес шаарындагы парктардын биринде өтүп жаткан автоунаа клубунун иш-чарасында ок атылып, бери дегенде эле жети киши жараат алды. Бул тууралуу "Америка үнү" радиосу кабарлады.

The New York Times басылмасы эки киши алган жарааттарынан улам ооруканада каза болгонун билдирди.

Маалыматка караганда, ок атуудан кийин 23 жаштан 54 жашка чейинки курактагы төрт эркек жана үч аял тез жардам кызматы менен жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Азырынча парктагы ок атуу фактысы боюнча эч ким кармала элек.

Акыркы айларда АКШда катталып жаткан жапырт ок атуу учурларына байланыштуу президент Жо Байден Конгресске кайрылып, өлкө аймагында кол салуучу ок атуу куралдарын сатууга тыюу салууга жана курал сатып алууга уруксат бере турган куракты 18 жаштан 21 жашка чейин жогорулатууга чакырды.

Буга чейин бир нече адамдын өмүрүн алган ок атуу учурлары АКШнын Индиана жана Техас штаттарында катталган.

XS
SM
MD
LG