Ссылки доступа

Алматы облусунда жолду оңдоону талап кылган тургундар трассаны бууду (видео)


25-июлда Алматы облусунун Кеген жана Райымбек райондорунун жүзгө жакын тургуну Алматы-Нарынкол трассасын бууп, жолго жаңы асфальт төшөп берүүнү талап кылышты.

Интернетке жарыяланган видеодон трассанын эки капталында тең жолдон өтө албай топтолуп турган автоунааларды көрүүгө болот.

Чогулгандардын айтымында, Кеген айылы менен Кайкы ашуусунун ортосундагы 15 чакырымдык жол былтыр июлда оңдоло баштап, бирок көп өтпөй андагы иштер токтоп калган.

— Болгону үч чакырымына гана асфальт төшөлгөн, бирок анысы да быйыл бузулуп, жараксыз болуп калды. Азыр ал трасса аркылуу өткөн адамдар кырсыктарга учурап жатышат. Жол таптакыр болбой калды. Бүгүн эл оңдоо иштерин тез арада аяктоо талабы менен чыкты", – деди Макпал Шадан аттуу жергиликтүү активист.

Акция катышуучулары менен Кеген районунун акими Талгат Байедилов, анын эки орун басары жана "Казавтожол" улуттук компаниясынын өкүлдөрү жолукту.

Акимдин айтымында, өткөн жылы оңдоо иштери жалданма компаниянын документтери туура эмес экени аныкталып, аны менен келишим жокко чыгарылганына байланыштуу токтоп калган. "Казавтожол" компаниясынын өкүлдөрү жаңы жалданма компания 20-августка чейин белгилүү болуп, андан соң асфальт төшөө иштери баштала турганын билдиришти.

Чогулгандар асфальт төшөлгөнгө чейин жолду грейдер менен түздөп берүүнү талап кылышты. Бийлик өкүлдөрү бул талапка макул болгондон кийин акция катышуучулары трассаны ачышты.

Жыл сайын Казакстандын тургундары жергиликтүү, облустук, республикалык жана эл аралык маанидеги жолдордун абалына даттанып келишет.

Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматына караганда, Казакстан жолдордун сапаты боюнча дүйнөдө 93-орунда турат.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG