Ссылки доступа

Сирия ИМдин катарындагы тажик жоочулардын 146 үй-бүлө мүчөсүн Душанбеге өткөрүп берди


Сириянын бийлиги "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюмунун катарында согушкан тажик жоочуларынын 146 үй-бүлө мүчөсүн Душанбеге өткөрүп берди.

Сириянын "Аль-Ватан" басылмасынын маалыматына караганда, Тажикстанга өткөрүлүп берилген аялдар менен балдар "Аль-Хол" качкындар лагеринде кармалып турушкан.

"Озоди" радиосу өз булактарына таянып, мекенине кайтып келе турган тажикстандыктардын арасында 42 аял жана 104 бала бар экенин кабарлады.

Тажикстандын жарандары Сириядан мекенине 26-июлда чартердик каттам менен учуп келет деп күтүлүүдө.

Сириянын түндүгүндөгү "Аль-Хол" жана "Родж" лагерлеринде 500дөн ашык тажикстандык аялдар менен балдар кармалып турат. Алардын көбү Сирияга күйөөлөрү менен барганын, ал жакта чынында эмне болуп жатканын билишпегенин айтып келишет. Аялдар лагерлердеги шарттар оор экенине даттанып, бир нече жолу тажик бийлигинен алардын мекенине кайтуусуна жардам берүүнү өтүнүшкөн.

2019-жылы жазында Ирак тажик жоочуларынын 89 баласын Душанбеге өткөрүп берген. Бул өлкөдө ондогон тажикстандык аял "Ислам мамлекети" менен кызматташкан деген айып менен узак мөөнөттөргө соттолгон.

Тажикстандын маалыматына караганда, 2014-жылы "Ислам мамлекети" Ислам халифатын түзгөнүн жарыялагандан бери Сирия менен Иракка 2 миңге жакын тажик жараны кеткен. Алардын көбү согуш талааларында өлүп, абакка камалып же бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз жоголгондордун тизмесинде калууда.

Видео

Видео

Соң-Көл жайлоосундагы бала бакчалар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:40 0:00
XS
SM
MD
LG