Ссылки доступа

Тажикстанга Сириядагы лагерден 42 аял жана 104 бала жеткирилди


"Ховар" агенттигинин сүрөтү
"Ховар" агенттигинин сүрөтү

25-июль күнү кечинде Сириядан Тажикстанга "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюмунун катарында согушкан тажик жоочуларынын 146 үй-бүлө мүчөсү жеткирилди.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, 104 бала менен 42 аялды автобустар менен аты аталбаган жайга алып кетишти. Буга чейин Ирактан алып келинген ИМ тобунун тажикстандык согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү Варзоб районундагы лагерге жайгаштырылган.

Маалыматка караганга, мекенине кайтып келген тажик жарандары сириялык күрддөрдүн көзөмөлүндөгү Хасака районунда жайгашкан "Ал-Хол" лагеринде кармалып турушкан.

Согушкерлердин үй-бүлөсүн кайтаруу ишин Сириянын Тышкы иштер министрлиги, Эл аралык Кызыл чырым уюму жана Тажикстандын Кувейттеги элчилиги биргелешип координациялаганы кабарланды.

Сириянын түндүгүндөгү "Аль-Хол" жана "Родж" лагерлеринде 500дөн ашык тажикстандык аялдар менен балдар кармалып турат. Алардын көбү Сирияга күйөөлөрү менен барганын, ал жакта чынында эмне болуп жатканын билишпегенин айтып келишет. Аялдар лагерлердеги шарттар оор экенине даттанып, бир нече жолу тажик бийлигинен алардын мекенине кайтуусуна жардам берүүнү өтүнүшкөн.

2019-жылы жазында Ирак тажик жоочуларынын 89 баласын Душанбеге өткөрүп берген. Бул өлкөдө ондогон тажикстандык аял "Ислам мамлекети" менен кызматташкан деген айып менен узак мөөнөттөргө соттолгон.

Тажикстандын маалыматына караганда, 2014-жылы "Ислам мамлекети" Ислам халифатын түзгөнүн жарыялагандан бери Сирия менен Иракка 2 миңге жакын тажик жараны кеткен. Алардын көбү согуш талааларында өлүп, абакка камалып же бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз жоголгондордун тизмесинде калууда.

XS
SM
MD
LG