Ссылки доступа

Мирзиёев талибдерди террорчулар менен байланышты үзүүгө чакырды


Ташкентте өтүп жаткан "Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү" деп аталган эл аралык конференциянын катышуучуларына кайрылган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев талибдердин өкмөтүн террорчулар менен байланыштарды үзүүгө чакырды.

"Биз Ооганстандын азыркы өкмөтүн өз эркин көрсөтүп, терроризмге каршы күрөшүү жана анын алдын алуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө, ошондой эле бардык эл аралык террордук уюмдар менен байланыштарды үзүүгө чакырабыз", – деди өзбек президенти.

Мирзиёевдин пикиринде, бул убактылуу өкмөткө болгон ишенимди бекемдөөгө түрткү болуп, Ооганстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Ошол эле маалда Мирзиёев эл аралык аренадагы Ооганстандын изоляциясы бул өлкөдөгү гуманитардык каатчылыкты мындан да курчутушу мүмкүндүгүн айтып, "буга жол берилбеши керектигин" белгиледи.

Өзбекстандын президенти эл аралык коомчулукту "ооган элине тилектештик көрсөтүүгө" чакырды.

Конференцияда сүйлөгөн Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн өлкөнүн чет мамлекеттердеги каржы активдеринен чектөөлөрдү алуу маанилүү экенин белгиледи.

25-июлда башталган "Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү" деп аталган конференция 26-июлда аяктайт. Буга чейин өзбек ТИМи иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын делегациялары катыша турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG