Ссылки доступа

Казакстанда журналист Амангелди Батырбековду өлтүрүүгө "буйуртма берүү" иши боюнча сот башталды


25-июлда Казакстандын Түркстан облусунда "Сарыагаш-информ" гезитинин башкы редактору Амангелди Батырбековду "өлтүрүүгө буюртма берүү" иши боюнча сот башталды.

Бул иште шектүү катары өтүп жаткан беш кишинин баарына "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен Абдухамид Куандыков, Мейиржан Досболов жана Нургали Кыдыралиевге "Мыйзамсыз курал-жарак алуу, сатуу, сактоо жана алып жүрүү" беренеси боюнча да айып тагылган.

Айыптоо актысына ылайык, быйыл 4-январга караган түнү Амангелди Батырбековго Түркстан облусунун Сарыагаш шаарындагы үйүнүн жанынан ок атылган. Башкы редакторду өлтүрүүгө Сарыагаш райондук билим берүү башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон Бауыржан Майрихов буйрутма бергени айтылууда. Ок Батырбековго эмес, анын уулу Динмухамеде тийген. Ал ооруканада дарыланып чыккан.

Батырбеков бул кол салууну өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Буга чейин анын "Сарыагаш-информ" гезитиндеги сын макаласынан кийин Бауыржан Майрихов райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси кызматынан алынган.

Шектүүлөр быйыл 21-январда кармалып, сот тергөө иштери аяктаганга чейин аларды камакка алуу чечимин чыгарган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, "буйрутма берген адам" журналисттин өлүмүн 5 миллион теңгеге (10 миң доллардан ашык) баалаган.

XS
SM
MD
LG