Ссылки доступа

Талибдер мындан ары Ооганстан Өзбекстанга коркунуч жаратпай турганын билдиришти


Ооганстандын талибдер түзгөн өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Ташкентте Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов менен жолугуп, Ооганстан мындан ары Өзбекстанга жана аймактагы башка өлкөлөргө коркунуч жаратпай турганын билдирди. Бул тууралуу 26-июлда Өзбекстан ТИМи кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө талибдердин министринин так жана толук цитатасы жазылган эмес.

Муттаки Ташкенте "Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү" деп аталган эл аралык конференцияга катышуу үчүн барган.

Өзбек ТИМинин билдирүүсүнө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү маселелерин да талкуулады.

Ооган делегациясынын башчысы Кабулга көрсөтүп жаткан гуманитардык жардамы, анын ичинде Термезде көп багыттуу транспорттук-логистикалык хаб ачканы, ошондой эле энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жатканы үчүн өзбек тарапка ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Владимир Норов ооган тарапты эл аралык коомчулуктун негизги талаптарын, анын ичинде кеңири өкүлчүлүктөгү өкмөт түзүү, аялдардын жана улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо, кыздардын толук кандуу орто билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү милдеттенмелерин тез арада аткарууга чакырды.

Ташкентте 25-июлда башталган Ооганстан боюнча эл аралык конференция 26-июлда аяктайт. Буга чейин Өзбекстан ТИМи иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын делегациялары катыша турганын билдирген.

Өзбекстан — 2021-жылы августтун ортосунда Кабулдагы бийликти басып алган талибдердин өкмөтү менен кызматташтып жаткан көп эмес өлкөлөрдүн бири. "Талибан" өкмөтүн бүгүнкү күнгө чейин бир да эл аралык коомчулук тааный элек.

Акыркы төрт айдын ичинде Ооганстандан Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагына үч жолу ракета атылганы кабарланган.

Июль айынын башында Өзбекстандын бийлиги Ооганстан менен чектеш аймагына беш снаряд түшүп, Термез шаарынын маалелеринин бириндеги төрт үйгө зыян келтиргенин билдирген.

Анда талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид Өзбекстанга атылган снаряддар эки өлкөнүн мамилесин бузууну көздөгөн "кара ниет кишилердин" иши экенин айткан. Мужахид күнөөлүүлөрдү таап, аларды жоопко тартууга аракеттене турганын убада кылган.

Муну менен катар 7-майда ооган тараптан Тажикстанды көздөй жети снаряд атылганын ооган маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Анда тажик атайын кызматы Ооганстандын Тахор провинциясында "Талибан" менен "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жергиликтүү бутактарынын кагылышуусу маалында Тажикстанга "кокустан гана ок атылган" деп жарыялаган.

Апрель айында "Ислам мамлекети-Хорасан" радикал тобу Ооганстандан Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы аскерий объектилерди көздөй ракета атканы кабарланган. Бирок Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы мындай кабарларды четке каккан.

XS
SM
MD
LG