Ссылки доступа

Херсон жана Запорожье облустарында Орусияга кошулуу "референдуму" бир күндө өтүшү мүмкүн


Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын оккупациялык бийликтери аймактардын Орусияга кошулуу "референдумун" бир күндө өткөрүү пландалып жатканын билдиришти.

Херсон облусунун Орусия дайындаган "аскердик-жарандык администрациясынын жетекчиси" Кирилл Стремоусов ТАСС агенттигине маалымдагандай, алар Запорожье облусунун мындай демилгесин колдошту.

Өзүн "Запорожьенин администрация мүчөсү" деп атаган Владимир Рогов "референдумду бир күндө өткөрүү украин тараптын чагымдарын азайтууга жол берет" деп билдирди.

Буга чейин сөз болгон эки аймактын оккупацияланган бөлүктөрүн аннексиялоо үчүн "добуш берүүлөр" сентябрдын башында өтүшү мүмкүн деп кабарланган. Бирок Орусия так даталарды расмий билдирген эмес. Тышкы иштер министри Сергей Лавров "украин жарандары өз тагдырын өздөрү чечет" деп чектелген.

Мелитополдун мэри Иван Федоров орус аскерлери ээлеп алган шаарда "референдумга" кызуу даярдык жүрүп жатканын билдирген. Анын айтымында, аскерлер "тургундарды аныктоо үчүн үймө-үй кыдырып жатышат".

11-июндан тарта эки облуста орус паспорттору бериле баштаган. 11-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын бардык жашоочуларына орус жарандыгын жеңилдетилген жол менен берүү тууралуу токтомго кол койгон.

Ал арада Украинанын Улуттук полициясынын жетекчиси Игорь Клименко Орусия кол салгандан бери баскынчылар менен кызматташтык үчүн миңден ашуун кылмыш иш козголгонун билдирди.

Согуш башталган 24-февралда Жогорку Рада аткаминерлерге жана катардагы жашоочуларга орус бийлиги менен иштешүүгө тыюу салган эки мыйзамды кабыл алып, ошол эле күнү президент Владимир Зеленский кол койгон.

XS
SM
MD
LG