25-июлда "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы көчөлөргө дезинфекциялык каражаттар чачылып, элге базарларда беткап тагынып жүрүү көрсөтмөсү берилгенин билдирди.
"Элдер беткап тагынбаганга көнүп калышкан, эми антип жүрүүгө болбойт. 25-июлдан баштап балдар бала бакчаларга салфетка жана антисептик алып барып турууга тийиш. Мунун бардыгы элди чочутуп атат", – деди кабарчы.
Дагы бир журналисттин айтымында, дем алыш күндөрү санэпидкөзөмөлдүн кызматкерлери Ашхабаддагы көчөлөрдү жана коомдук жайларды хлор менен тазалашкан.
Саламаттык сактоо системасында иштеген айрым булактардын маалыматына караганда, түркмөн бийлиги 1-августта COVID-19га каршы жаңы чектөөлөрдү киргизүүнү пландап жатат.