Анын айтымында, 2022-жылдын биринчи жарымында чет өлкөгө 322 миңден ашык тажикстандык жумушка кетти. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу эки эсеге көп.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, тажик мигранттарынын 90% Орусияга барып иштешет.
Ал арада эл аралык каржы институттары Орусияга каршы киргизилген санкциялардан улам эмгек мигранттары Тажикстанга жөнөткөн каражат мурдагыдан кыйла аз болуп, бул экономикалык өсүштүн жайлашына алып келерин билдирүүдө. Алсак, Дүйнөлүк банктын акыркы баяндамасында "Орусиянын Украинага кол салуусунан улам Тажикстандын экономикасы 2022-жылы 2% төмөндөп, мигранттар жөнөткөн акча 40% азаяры жазылган.
Орусиянын Новосибирск шаарында курулушта иштеген тажикстандык Бахтиёр Норов антиорусиялык санкциялардан кийин кирешеси кыйла азайганын билдирди.
"Жыл башында шаар сыртына эки үй курууга буйрутма алганбыз. Бирок апрелде жумуш берүүчү жакшы мезгилдерге чейин курулушту токтотуп турууну чечкенин айтты. Буга чейинки жылдары жайкысын айына 100 миңден ашык тапчубуз, азыр кирешебиз 60 миңдин тегерегинде. Ошол эле маалда бул жакта азык-түлүк баасы бир топ жогорулады. Жалгыз гана жакшы жаңылык – бул рублдин курсунун өсүүсү", – деди Норов.
Эл аралык уюмдардын маалыматына караганда, эмгек мигранттары жөнөткөн акча Тажикстандын ички дүң өнүмүнүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Экономисттердин айтымында, АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн Москвага каршы киргизген санкциялары орус экономикасынын өсүүсүн токтотуп, Тажикстанды экономикалык өнүгүүнүн жаңы моделин издөөгө аргасыз кылат.
1990-жылдардан бери Орусия тажик мигранттарын кабыл алган негизги өлкө болуп эсептелет. Тажикстандык жумушчулардын саны боюнча экинчи орунда Казакстан турат. Акыркы жылдары тажик жарандары жумушка Түштүк Кореяга, Европа өлкөлөрүнө жана АКШга кете башташты, бирок алардын саны Орусиядагы тажикстандыктарга салыштырмалуу өтө эле аз.
Түрдүү маалыматтар боюнча, учурда Орусияда иштеп жана жашап жүргөн тажикстандыктардын саны 1 миллиондон ашат.