Ссылки доступа

Орусияда карын эне болгон Казакстандын жараны үч жылга соттолду


Орусиянын Красноярск шаарында сот карын эне болгон Казакстандын жараны Тамара Яндиеваны үч жылга эркинен ажыратты. Ал адам сатууга күнөөлүү деп табылды. Яндиева менен адвокаты соттун бул чечими боюнча жогорку баскычка даттана тургандыктарын билдиришти.

Бул Орусияда карын эне болгон жаран соттолгон алгачкы учур. Ошол эле маалда өлкөдө карын эне болууга эч кандай тыюу жок.

Маалыматка караганда, Яндиева 2019-жылы агенттиктердин бири менен карын эне болуу тууралуу келишим түзүп, чет өлкөлүк жубайлардын бирине бала төрөп берген. Наристе жарык дүйнөгө келгенден кийин ата-энесине жөнөтүлүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясы башталып, бала карын эненин колунда калган.

2021-жылы агенттикке каршы «Адам сатуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Орусияда карын энелик Үй-бүлөлүк кодекс жана «Жарандардын саламаттыгын коргоонун негиздери тууралуу» мыйзам менен көзөмөлдөнөт. Ага ылайык, балалуу боло албаган жуптар үчүн карын эне болууну каалаган аялдар бул ишке бекер же гонорар үчүн барса болот. Эненин жумуртка клеткасы атанын сперматозоиди менен жасалма уруктандырылгандан кийин ал карын эненин жатынына жайгаштырылат. Ошентип, генетикалык жактан бала карын эненин эмес, өз ата-энесинин тукуму болуп калат.

Орусияда карын энелерди тандоо менен алектенген агенттиктер иштейт.

2020-жылы Орусиянын Тергөө комитети москвалык репродуктолог-дарыгерлердин жамаатын адам сатууга айыптаган. Алар коронавируска байланыштуу карын энелер төрөгөн 11 баланы чет өлкөлөрдөгү ата-энелерине өз убагында жеткирип бере албай калышкан. Ымыркайлардын бири чарчап калып, калгандары балдар үйлөрүнө жеткирилген. Балдардын документтерин даярдап, ата-энелери менен иштешкен котормочу Кирилл Анисимов 2021-жылы алты жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучулардын ишин кароо уланууда.

XS
SM
MD
LG