Бул маалыматты "Озоди" радиосуна Розик жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Вахдат шаарындагы абактын аты-жөнүн билдиргиси келбеген жооптуу кызматкерлеринин бири ырастады.
"Ал төрт күндөн бери айып изоляторунда отурат", – деди ал. Ошол эле маалда түрмө кызматкери Розик кандай режимди бузганы үчүн жазаланганын айтуудан баш тартты. Зубайдуллои Розиктин жакындары да анын себептерин билбей тургандыктарын айтышты.
"Түрмөдө эмне болгонун жана атамды эмнеге айып изоляторуна киргизишкенин билбейбиз. Абактын жетекчилиги эмнеге улгайган адамга мындай катаал жаза берилгенин түшүндүргөн жок", – деди Розиктин уулу Хисомиддини Зубайдулло.
Анын айтымында, абак кызматкерлеринин атасына жана "Ислам кайра жаралуу партиясынын" башка мүчөлөрүнө карата мамилеси алар өлкө президенти Эмомали Рахмондун атына ачык кат жазгандан кийин кескин өзгөргөн. Кайрылууда алар түрмөдө күнөөсүз отурушканын айтып, иштеринин кайра каралышын талап кылышкан.
Розик "Ислам кайра жаралуу партиясынын" башка мүчөлөрү менен бирге 2015-жылы күзүндө кармалып, 25- жылга эркинен ажыратылган. Бийлик аларды өлкөнүн мурдагы коргоо министри Абдузалим Назарзоданын 2015-жылы сентябрдагы козголоңуна катышкан деп айыптаган.
Тажик бийлиги ал козголоңду уюштурууга "Ислам кайра жаралуу партиясын" айыптап, партиянын ондогон мүчөсү менен активисттерин камакка алган.