Ссылки доступа

Өзбекстанда быйыл бирдиктүү мектеп формасы киргизилбейт


Өзбекстанда 2022-2023-окуу жылында окуучулардан милдеттүү түрдө мектеп формасын кийүү талап кылынбайт. Бул тууралуу өлкөнүн элдик билим берүү министри Бахтиёр Саидов билдирди.

Анын айтымында, өлкө мектептеринде бирдиктүү форма акырындык менен 2025-жылга чейин киргизилет. Ошол эле маалда мектепке тиешелүү форма кийбей келген окуучуларга эч кандай талап коюлбайт.

Мындан тышкары министр окуучу кыздарга сабакка ачык түстөгү улуттук жоолуктарды аркасына байлап салынып келүүгө тыюу болбой турганын белгиледи.

Саидовдун айтымында, жергиликтүү бийликтер аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мектеп формасын бюджеттин эсебинен сатып берүүгө көмөктөшөт. Мектеп жетекчилиги ата-энелерди форманы белгилүү бир жерден сатып алууга мажбурлай албайт.

Август айынан тарта Өзбекстандын шаарлары менен район борборлорунда мектеп формасын сатуу боюнча жарманкелер уюштурулат.

XS
SM
MD
LG