Ссылки доступа

Өзбекстанда ысык аба ырайына байланыштуу "пахтага шашылыш кам көрүүнүн 30 күндүгү" жарыяланды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чектен ашкан ысык аба ырайынын шартында пахтанын түшүмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн "пахтага шашылыш кам көрүүнүн 30 күндүгү" жарыяланганын билдирди.

"Акыркы жылдардагы климаттык өзгөрүүлөр пахта тармагына жаңы маселелерди жаратууда. Өзбекстанда акыркы он күндөн бери абанын температурасы 43 градустан ашык болууда. Мындан улам облус башчыларына "пахтага шашылыш кам көрүүнүн 30 күндүгүн" өткөрүү тапшырмасын берем", – деди Мирзиёев 27-июлдагы кеңешмеде.

Президенттин айтымында, чектен ашкан ысык аба ырайы – пахта өстүрүү тармагы үчүн өзгөчө кырдаал болуп эсептелет.

"Бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып түшүмдү сактап калышыбыз керек. Климаттык өзгөрүүлөр келечекте да терс таасирин тийгизе турганын эстен чыгарбашыбыз зарыл. Буга илимий мамиле керек", – деди Мирзиёев.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кеңешменин жүрүшүндө өлкөнүн инновациялык өнүгүү министри, Пахта өстүрүү боюнча кеңештин төрагасы буга чейин аткарылган иштер боюнча отчёт берди.

XS
SM
MD
LG