Ссылки доступа

Лавров: Ооганстандын жетекчилиги менен иштешүү боюнча Орусия менен Өзбекстандын позициясы жакын


Өзбекстан менен Орусия Ооганстандын азыркы өкмөтү менен иштешүү ниеттерин ырасташты. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолуккандан кийин "Өзбекстан 24" телеканалына берген маегинде билдирди.

"Ооганстандагы азыркы чындыкты кабыл алуу жана ал чындыкка жараша ооган өкмөтү менен иштешүү зарылдыгы боюнча Өзбекстан менен биздин позициябыз өтө жакын", – деди Лавров.

Ал Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн контексинде Ооганстан өзгөчө орунду ээлегенин кошумчалады.

Сергей Лавров Ташкентке Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышуу үчүн 27-июлда барган.

26-июлда Ташкентте өткөн эл аралык конференцияда Өзбекстандын тышкы саясат боюнча атайын өкүлү Абдулазиз Камилов жакынкы убакта Ооганстандын өкмөтүн таануу маселеси жок экенин белгилеген. Ошол эле маалда ал "Талибан" менен эл аралык коомчулук тил табышууга аракет кылып жатканынан позитивдүү тенденцияны көрүп турганын белгилеген.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG