Ссылки доступа

Украина өлкө түштүгүндөгү контрчабуулдарын улантууда


Украина өлкөнүн түштүгүндөгү аймактарын бошотууга багытталган контрчабуулдарын күчөттү.

Киев украин авиациясы орустардын Херсонго жакын жайгашкан беш таяныч пунктуна сокку жасаганын билдирди. Украина Херсон шаарынын жака белиндеги орусиялык аскерлерди курчоого алуу максатында согуш башталгандан берки эң ири контрчабуулун улантууда.

Херсондогу орус аскерлерин курал-жарак менен камсыз кылуу жолдорун татаалдаштырууну көздөгөн украин күчтөрү акыркы апталарда Днепр дарыясындагы үч көпүрөнү талкалоо үчүн Батыш өлкөлөрү берген ракеталык комплекстерди активдүү колдонууда.

Москва аннексиялаган Крым жарым аралы менен чектешкен Херсон облусун орус аскерлери 24-февралда Украинага кол салгандан көп өтпөй басып алышкан.

28-июлда орус армиясынын ракеталык аткылоосунан Украинанын Кировоград облусунун борбору Кропивницкий шаарында бери дегенде беш киши каза болуп, 26сы жаракат алган.

Ошол эле күнү Киев облусу да аткыланган. Каршы тарап кайсы жайларды бутага алганы белгисиз, бирок украин тарап 15 киши жараат алганын кабарлады.

Ал ортодо Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Москва Украинага кол салган 24-февралдан бери Кремлге байланышы бар "Вагнердин менчик аскердик компаниясынын" жалданма күчтөрүн колдонуп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, "вагнерчилер" орус аскерлери менен биргеликте аракеттерди көрүүдө.

"Согуштук аракеттерге жалданма аскерлерди пайдалануу – пехоталык күчтөрдүн олуттуу жетишсиздиги менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок жеке аскердик компаниялардын согуштун жүрүшүнө таасири этүү ыктымалдыгы өтө төмөн", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG