Ссылки доступа

Тажикстанда укук коргоочу Иззат Амондун санаалашы айып пул төлөгөндөн кийин эркиндикке чыкты


Мухаммадхон Эгамов
Мухаммадхон Эгамов

Тажикстандык укук коргоочу Иззат Амондун жакын санаалаштарынын бири Мухаммадхон Эгамов айып пул төлөгөндөн кийин эркиндикке чыкты. Ал былтыр ноябрда Душанбенин өтүнүчү менен Москвада кармалган.

Душанбенин Исмоили Сомони райондук сотунун аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери билдиргендей, Мухаммадхон Эгамовго каршы "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тажикстанда бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандарга 1460тан 2190го чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөө же 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

"Акыркы сот отуруму айдын башында болгон. Ага Эгамовдун жакындары да катышкан. Сот айыпталуучуну айып пул төлөөгө милдеттендирип, эркиндикке чыгарды", – деди сот кызматкери.

Ал Эгамов канча айып пул төлөгөнүн айткан жок.

Мухаммадхон Эгамовдун кайсы күнү эркиндикке чыкканы так белгисиз. Бирок 29-июлда "Озоди" радиосу менен маектешкен анын тааныштары ал бир жума мурда Москвага кеткенин, азыр такси айдап иштеп жатканын билдиришкен.

Тажикстандын бийлиги Москвадагы "Тажиктер борборунун" жетекчиси Иззат Амонго карата өкүм чыккандан кийин анын жакын санаалашынын экстрадициясын талап кылган. Мухаммадхон Эгамов 2021-жылы 8-ноябрда Душанбенин өтүнүчү менен Москвада кармалган. Бирок анын Москвадан Душанбеге экстрадицияланганы тууралуу эч кандай маалымат болгон эмес.

2021-жылы жазында Орусиядан Тажикстанга депортацияланган Иззат Амон ири көлөмдөгү алдамчылык айыбы менен 15 жылга соттолгон. Укук коргоочу соцтармактарда тажик бийлигин сындап келген.

XS
SM
MD
LG