Ссылки доступа

Украина: Чугуев шаарында урандылардын алдынан өзбекстандык ашпозчунун сөөгү табылды


Куткаруучулар Украинанын Чугуев шаарындагы Маданият үйүнүн урандыларынын алдынан 36 жаштагы Сардор Хакимовдун сөөгүн алып чыгышты.

Чугуев шаары 26-июлда орус армиясынын ракеталык аткылоосуна кабылган. Өзбекстанда туулуп-өскөн Хакимов согуш башталгандан бери шаар тургундарына өз эсебинен палоо жасап, таратып келген.

Маалыматтарга караганда, Маданият үйүнө сокку урулган учурда Хакимов палоо жасап жаткан. Куткаруучулар урандылардын алдынан эки баланын энеси Виктория Мишариндин да сөөгүн алып чыгышты. Ал да согуш башталгандан бери Чугуев шаарында ыктыярчы болуп иштеп жүргөн.

Украин басылмалары кабарлагандай, Хакимов 2000-жылдардан бери Луганск облусунун Северодонецк шаарында жашап келген. 2014-жылы согуш башталгандан кийин Чугуев шаарына көчүп барып, ал жакка өзбек ашканасын ачкан.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин ал үй-бүлөсүн (аялы менен төрт баласын) Өзбекстанга жөнөтүп, өзү ыктыярчы катары адамдарга жардам берүү үчүн Чугуев шаарында калган.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG