Ссылки доступа

Австралияда жашаган тажик окумуштуусу терроризмге чакырык жасоо айыбы боюнча күнөөсүн мойнуна алды


Батыш Австралия университетинде окутуучу болуп иштеген тажикстандык окумуштуу Абдусалом Одиназода чет өлкөдө террористтик актыга чакырык жасоо айыбы боюнча күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу West Australian жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, тажик жаранынын иши боюнча сот кийинки жылы өтүшү керек болчу, бирок 1-августта Вашингтон штатынын округдук соту процесс улантылбай турганын жарыялады. Угуулардын жүрүшүндө прокурорлор соттоолуучу күнөөсүн мойнуна алгандан кийин ага тагылган эки айып алынганын, эми ал дагы үч айып боюнча сотто жооп берерин билдиришкен. Азырынча терроризмди пропагандалоодон башка дагы кайсы айыптар жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз. Маалыматтарга караганда, Одиназода кылмышты 2019-жылы январь-март айларында жасаган. Ага карата сот өкүмү ушул айда чыгат деп күтүлүүдө.

Одиназода 2020-жылы декабрда терроризмди пропагандалоо жана интернет аркылуу экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таркатуу айыптары менен Австралиянын Перт шаарындагы үйүндө кармалган. Жергиликтүү полиция ага карата тергөө иштерин былтыр февралда, ал интернетке Тажикстанда "саясий мотивдеги зомбулук актысына чакырык жасаган видео" жайгаштыргандан кийин баштаган. 54 жаштагы окумуштуу, биохимик бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Батыш Австралия университетинде он жылдан ашык убакыттан бери иштеп келген Одиназода кармалгандан бери камакта отурат.

Азырынча тажик бийлиги Одиназоданын күнөөсүн мойнуна алганы боюнча кабарга эч кандай реакция кыла элек. Бирок 2018-жылдын башында Тажикстандын бийлиги Абдусалом Одиназодага каршы "Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү чакырыгы" жана "Интернет аркылуу экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Ошол эле маалда ага чейин Одиназода соцтармактарга Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазганда тажик өкмөтүнө жакын адамдар анын жазгандарын бөлүшүп, аны колдоп келишкен.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG