Ссылки доступа

Эки оппозициячынын жакындары: Алар Тажикстанга "өз каалоосу менен келгени" тууралуу видеону тажик бийлиги уюштурган


Рамзи жана Ораз Вазирбековдор
Рамзи жана Ораз Вазирбековдор

Москвадагы памир диаспорасынын активисттери Ораз жана Рамзи Вазирбековдордун Тажикстанга өз каалоосу менен келгени тууралуу видеону тажик бийлиги уюштурган. Бул тууралуу "Озоди" радиосуна активисттердин жакындары билдиришти.

Ораз жана Рамзи Вазирбековдор 29-июлга караган түнү Москвадагы "Домодедово" аэропортунда жоголуп кетишкен. Жекшемби күнү интернетке видео жарыяланып, анда активисттер Тажикстанга өз каалоосу менен келгенин, "тергөө органдарынын Хорогдогу окуялар боюнча аларга бир нече суроолору бар экенин” билдиришкен.

Азырынча бул видеону интернетке ким чыгарганы, аактивисттерди кайсы түзүм кармаганы, алар эмнеге айыпталып жатканы жана адвокат менен камсыздалган-камсыздалбаганы белгисиз.

Ораз Вазирбековдун аялы Сабрина Отамбекованын айтымында, 29-июлга караган түнү күйөөсү Екатеринбургдан Москвага учуп келип, аэропортто жоголуп кеткен. "Москвага учардын алдында аны менен видео аркылуу сүйлөшкөм. Ал тамак даярдап койуумду өтүнгөн. 2,5 сааттан кийин "Домодедово" аэропортунан да чалган, Тажикстанга баруу ниети тууралуу эч нерсе айткан эмес. 20 мүнөттөн кийин кайра чалсам телефону өчүк экен. Аэропортко барсам жакынкы сааттарда Душанбеге эч кандай каттам аткарылбаганын айтышты. Ал акыркы кездери кокустан Рамзи экөө Тажикстанда болуп калышса, аларды Тажикстандын атайын кызматы уурдап кетти деп түшүнүшүбүз керектигин айткан. Алар Тажикстанга өз каалоосу менен барганы тууралуу видеону атайын уюштурулган деп эсептейм", – деди Отамбекова.

Ораз жана Рамзи Вазирбековдор Орусиянын жарандары. Азырынча Орусиянын бийлиги жарандарынын жоголушу жана кантип Тажикстанга барып калганы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

45 жаштагы Ораз Вазирбеков быйыл март айында "Америка үнү" радиосуна берген маегинде 2021-жылы ноябрда Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында өткөн тынч митингден кийин аны тажик атайын кызматы уурдап кетиши мүмкүн экенин айткан.

Ораз жана Рамзи Вазирбековдор тажик бийлигинин саясатына карата оппозициялык көз караштары менен белгилүү активисттер.

XS
SM
MD
LG