Ссылки доступа

Казакстанда соттолгон активисттер ЕБ менен БУУну Январь окуяларын иликтөөгө чакырышты


Чымкент шаарында "Жапырт башаламандык" беренеси боюнча узак мөөнөттөргө соттолгон активисттер Европа биримдиги (ЕБ) менен Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) Казакстандагы Январь окуяларын иликтөөгө чакырышты.

Соттолгон Ляззат Досмамбетова менен Жанмурат Аштаев учурда тергөө абагында апелляциялык арыз боюнча чечимди күтүп отурушат. Досмамбетованын кызы Айжан Надирбек камакта апасынын саламаттыгы начарлап кеткенин билдирди.

"Апам жүрөгү жана башы ооруп жатканын айтууда. Ал колун көтөрө албай калды. Бир жума мурда тапшырган анализдеринин жыйынтыгы дагы деле чыга элек", – деди Надирбек.

Досмамбетова адвокатынан берип жиберген катта эч кандай кылмыш кылбаганын жана мыйзамсыз соттолгонун белгилеген. Анын айтымында, январдын башында ал тынч митингдерге болгон конституциялык укугун пайдаланып, "Казакстандын бийлигине жарандардын социалдык көйгөйлөрүн", анын ичинде жумушсуздукту, айлыктардын төмөндүгүн жана баалардын өсүшүн жеткиргиси келген.

"Урматтуу Европа биримдигинин депутаттары, урматтуу БУУнун өкүлдөрү, мени жана абакта отурган көптөгөн башка саясий туткундарды бошотууга жардам берүүңүздөрдү жана Январь окуялары боюнча адилеттүү эл аралык иликтөө жүргүзүүңөрдү өтүнөм", – деп жазылган Досмамбетованын кайрылуусунда.

Активист Жанмурат Аштаев да БУУ менен ЕБге ушундай мазмуунда кайрылуу жазды. Анын билдирүүсүн жубайы Молдир Нурланова Facebook баракчасына жарыялады. Анда активист өз пикирин айтканы үчүн 2018-жылдан бери саясий куугунтукка кабылып келерин белгилеген.

15-июлда Чымкент шаарындагы Аль-Фараби райондук соту Жанмурат Аштаевди үч жыл бир айга, Ляззат Досмамбетованы үч жыл жети айга эркинен ажыраткан. Алар Январь окуяларына байланыштуу "Жапырт башаламандык" беренси боюнча күнөөлүү деп табылган. Активисттер айыптоолорду четке кагып, сотко апелляциялык арыз беришкен.

51 жаштагы Досмамбетова көп балалуу жалгыз бой эне. 44 жаштагы Аштаев эрезеге жете элек төрт баланын атасы, учурда жубайы экөө бешинчи баласын күтүүдө. Эки активист тең 8-январда камакка алынган.

Активисттер акыркы бир нече жылдан бери коомдук-саясий маселелер боюнча өз пикирлерин ачык айтып, былтыр тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу айыбы менен түрдүү мөөнөттөргө эркиндиктери чектелген. Казакстандык укук коргоочулар аларды саясий туткундардын тизмесине кошкон.

Жыл башында Чымкентте миңдеген тургундун катышуусунда башталган жаңыөзөндүктөрдү колдоо митинги жапырт башаламандыктарга айланып, кан төгүү менен аяктаган. Расмий маалыматтар боюнча 4-6-январь күндөрдүн аралыгында Чымкентте 20 киши өлүп, 200дөн ашык адам жараат алган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Январь окуялары маалында Казакстан боюнча жалпысынан 232 киши өлгөн. Дагы алты киши кармалгандан кийин полиция кызматкерлеринин кыйноосунан улам каза болгону кабарланган. Бул окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш иштер боюнча жүзгө жакын киши абакка кесилди. Бийлик бүгүнкү күнгө чейин каза болгондордун тизмесин жарыялай элек.

XS
SM
MD
LG