Ссылки доступа

Казакстанда "жикчилдикке чакырык жасоого" айыпталган жубайлар беш жылга соттолду


Казакстандын Петропавловск шаарында сот видеочаттагы сүйлөшүү маалында жикчилдикке чакырык жасаганы үчүн жергиликтүү эки тургунду беш жылга эркинен ажыратты.

Шаардык соттун маалыматына караганда, айыпталуучулар 2021-жылы 11-декабрда болгон окуя боюнча соттолушту.

"Жубайлар Chatroulette тиркемесиндеги видеочатта Түндүк Казакстан облусунун Орусияга кошулуусун колдобогон адамга карата "Казакстандын унитардыгын сактоодо саясий жана социалдык тобокелдиктерди жарата турган социалдык кооптуу сөздөрдү айтышкан", – деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

"Sputnik Казакстан" агенттиги жубайлар Түндүк Казакстанды Орусиянын курамына кошууга чакырык жасашкан.

Соттолуучулар айыптоолорду четке кагып, соттон аларды актоону өтүнүшкөн. Прокурор айыпталуучуларды беш жылга эркинен ажыратууну сураган.

Сот кылмыш ишинин материалдарына "кылмыштын жагдайлары көрсөтүлгөн" видео тиркелип, ал боюнча соттук психолого-фиолологиялык экспертиза жүргүзүлгөнүн билдирди.

Бул иш боюнча өкүмдү Петропавловск шаардык соту 2022-жылы 30-майда эле чыгарган. Облустук сот апелляцияны четке кагып, өкүмдү күчүндө калтырган. Соттун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө апелляциялык сот качан чечим чыгарганы жазылган эмес.

Видео же текст аркылуу тааныштар менен сүйлөшүү үчүн түзүлгөн Chatroulette сервисинде туш келген колдонуучулар менен сүйлөшүүгө да болот.

XS
SM
MD
LG