Ссылки доступа

Тажикстанда пенсионерлер пенсиянын аздыгына даттанууда (видео)


Пенсионеры в Таджикистане жалуются на маленькие пенсии
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

Тажикстанда пенсионерлер пенсия аз экенине даттанып, алган акчасы күнүмдүк жашоого жетпей жатканын билдирүүдө.

Душанбенин 68 жаштагы тургуну Мирзобек Буриев пенсияга беш жыл мурда чыккан. Алгач анын пенсиясы 266 сомонини түзгөн. Пенсия бир канча жолу жогорулагандан кийин азыр 337 сомони (33 доллар) алат.

"337 сомониге эмне сатып алууга болот? Бир кап ун жана бир бөтөлкө май. Базардагы бааларды эске алсак, анда чай менен нанга жетиши үчүн пенсия бери дегенде эле 500-600 сомони болушу керек", - деди ал.

Буриевдин пенсиясы Тажикстандагы орточо пенсиядан 17 сомониге көбүрөөк. Акыркы бир жылда өлкөдө пенсия орточо эсеп менен 28 сомониге көбөйгөн. Бирок бул аралыкта зарыл болгон товарларга болгон баалар бир нече эсеге өсүп кетти.

Тажикстандын Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу агенттигинин башчысы Дилмурод Давлатзода пенсия өлкөдөгү айлык акыга жараша аныкталарын билдирди.

"Коммерциялык банкта иштегендердин айлыгы жогору болгондуктан, алар эң жогорку пенсияны алышат. Мисалы, айлыгы жогору "Точикбанкбизнестин" же Улуттук банктын айрым кызматкерлери 12-18 миң сомониден пенсия алышат. Азыр чектөө жок, 22-25 миң сомони пенсия алган жарандар да бар", – деди ал.

Ошол эле маалда өлкөдө айына 97 сомони гана пенсия алгандар да бар. Алардын көбүн айыл чарба тармагында иштеген жарандар түзөт.

Бүгүнкү күндө Тажикстанда пенсия курагындагы 160 миңден ашык жаран бар. Алардын 32 миңи иштеп, айлык да алышат.

XS
SM
MD
LG