Ссылки доступа

Казакстанда иш таштаган темир жолчулардын талаптары жарым-жартылай аткарылат


Жезказган шаарында "Казахмыс" корпорациясына кызмат көрсөткөн Tranco Zhezkazgan темир жол компаниясынын иш таштаган жумушчуларынын айрым талаптары аткарылат. Бул тууралуу "Казахмыс" корпорациясы билдирди.

Маалыматка караганда, жумушчулардын талаптарында айтылган көйгөйлүү маселелерди кароо үчүн "жумушчу топ" түзүлдү. Мындан тышкары 2-августта тиешелүү тараптардын катышуусунда жолугушуу өтүп, жумушчуларды социалдык пакет менен камсыз кылууну ишке ашыруу үчүн бирдиктүү мамилени аныктоо боюнча аракеттердин планы сунушталды.

Жумушчулардын айтымында, компания алардын айрым талаптарын аткарууну убадалады.

"Айлыктар көтөрүлбөйт дешти. Эртең Темир жолчулардын күнүнө карата сый акы берүүнү убадалашты, кандай болорун көрөбүз. Мындан тышкары тамак-ашка кеткен чыгымдар үчүн кенемте төлөөнү, "вахталык" жумуш үчүн төлөмдү көбөйтүүнү жана социалдык пакет менен камсыз кылууну убадалашты. Компания сөзүнө турат деп үмүттөнөбүз. Азырынча эч кандай өзгөрүүнү сезген жокпуз, баары сөз жүзүндө гана. Күтөбүз", – деди темир жолчулардын бири.

Иш таштаган жумушчулар Tranco Zhezkazgan компаниясынын курамынан чыгып, "Казахмыстын" курамына кирүүнү, мурдагы сүйлөшүүлөрдө макулдашылгандай ар алты ай сайын айлыкты 50% жогорулатып турууну, эмгек өргүүсүн 30 календарлык күнгө чейин узартууну, ар бир жумушчуну жана анын үй-бүлө мүчөсүн социалдык пакет менен камсыз кылууну, зыяндуу эмгек шарттары үчүн кошумча акы төлөөнү жана Темир жолчулар күнүндө бериле турган сыйакыны көбөйтүүнү талап кылышкан.

Мындан тышкары алар жумушчулардын кол тийбестигин камсыз кылууну жана аларды (өзгөчө демилгелүү топтун мүчөлөрүн) ыктымал куугунтуктоолордон коргоону талап кылган. Бирок жумушчулардын айтымында, 1-августта темир жолчулардын биринин үйүнө эки полиция кызматкери барып, үй ээсинен бир нече суроого жооп берип коюуну жана түшүнүк кат жазып берүүнү өтүнүшкөн.

1-августта Маңгыстау облусундагы Бейнеу станциясында иштеген 300гө жакын темир жолчу да айлыктарды 100% жогорулатуу талабы менен иш таштаган. Ошол эле күнү "Казакстан темир жолу" компаниясы "каражаттын жоктугуна байланыштуу" темир жолчулардын маянаны 100% жогорулатуу талабын аткаруу мүмкүн эмес экенин белгилеп, бирок "абалды укуктук талаада жөнгө салуу үчүн бардык мүмкүн болгон чаралар көрүлүп жатканын" билдирген.

XS
SM
MD
LG