Маалыматка караганда, чек арачылар аталган райондун Ёл айылына жакын, болжол менен чек ара тилкесинен төрт чакырым алыс жерге жайгаштырылды.
Чек ара отрядынын буга чейин жайгашкан жери чек ара тилкесинен 20 чакырымдай алыстыкта жайгашып, ал жактан чек араны тиешелүү деңгээлде кайтаруу мүмкүн эмес болчу.
Шамсиддин Шохин районунда Ооганстан менен Тажикстанды Пянж дарыясы бөлүп турат. Сууну бойлой эч кандай жол жок болгондуктан, чек аранын бул бөлүгү көзөмөлсүз калып, ооган аткезчилери көп өткөн тилкеге айланган. Учурда дарыяны бойлой жол курула баштады.
"Бүгүнкү күнгө карата 30 чакырым жол курулду. Бул аймакта чек араны толук көзөмөлгө алуу үчүн дагы 100 чакырым жол куруу керек болот", – деди Шамсиддин Шохин районунун башчысы Зафар Гулзода.
Бул аймактагы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 145 чакырымды түзөт.
Ооганстанда бийликке талибдер келгенден кийин Тажикстан мамлекеттик чек арасын бекемдей баштады.