Ссылки доступа

Ферганада мунайды кайра иштетүүчү заводдун кызматкери өзүнө өрт койду


2-августта Ферганадагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун аймагында кызматкерлердин бири үстүнө бензин чачып, өзүнө өрт койду. Бул тууралуу Фергана облустук прокуратурасы билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Хает Шамсутдиновдун айтымында, бул факты боюнча Фергана шаардык прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө.

"Даре" басылмасынын маалыматына караганда, 47 жаштагы аял мындай кадамга жумушсуз калганына байланыштуу барган. 2-августта анын заводго кирүүгө уруксат берген документин алып коюшкан.

Басылманын макаласында белгиленгендей, аял өзүнө өрт койгондо ага эч ким жардам берген эмес. Заводдун кире беришинде өрт өчүрүү каражаттары жок болгон. Жыйынтыгында аял катуу күйүк алган.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG