Ссылки доступа

Алматыда 10 өзбекстандык эмгек эксплуатациясынан бошотулду


Казакстанда жергиликтүү тургундар иштетүү максатында күч менен кармап турган Өзбекстандын 10 жараны бошотулуп, мекенине жөнөтүлдү.

"Дунё" агенттигинин маалыматына караганда, Өзбекстандын Алматыдагы башкы консулдугуна үч өзбек жараны кайрылып, жергиликтүү тургундардын тобу 10 өзбекстандыктын жеке буюмдары менен телефондорун тартып алып, күч менен жеке үйдө кармап турушканын билдиришкен.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Алматынын укук коргоо кызматкерлери менен бирге аталган жайга барып, өзбек жарандарын бошотушкан. Аларды күч менен кармап тургандарга карата "Өзүмбилемдик" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Тиешелүү тергөө иш-чараларынан кийин Өзбекстандын жарандарына документтери менен жеке буюмдары кайтарылып берилип, 1-августта "Алматы-Ташкент" автобус каттамы менен мекенине жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG