Ссылки доступа

Казакстанда "Дорожный контроль" сайтынын журналисти сабалды


3-августта Өскемен шаарында белгисиз кишилер "Дорожный контроль" сайтынын журналисти Антон Князевди сабап кетишти. Бул тууралуу сөз эркиндигин коргогон "Адил сөз" уюму кабарлады.

"Дорожный контролдун" маалыматына караганда, окуя түнчүндө шаардагы дүкөндөрдүн биринде болгон. Кол салгандар журналистти ур-токмокко алгандан тышкары анын автоунаасын да бүлүнтүшкөн.

"Полиция кызматкерлери чакыргандан жарым саат өткөндөн кийин гана келди. Кол салган кишилер укук коргоо кызматкерлеринин көзүнчө да мыйзамсыз аракеттерин уланта беришти. Мындай көрүнүшкө жол бергени үчүн полицияга каршы да арыз жазам", – деп билдирди Князев.

Чыгыш Казакстан облустук полиция департаменти "Топ адамдардын катышуусунда жасалган бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кол салууга шектүү эки киши аныкталды.

"Кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн катышуусунда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат", – деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

19-июлда Атырау шаарында белгисиз кишилер "Дорожный контроль" сайтынын кабарчысы Олеся Вертинскаяны да сабап кетишкен. Кол салуудан бир нече күн мурда жашыруун номурдан телефон чалган киши аны коркуткан. Атырау облустук полиция департаменти Вернитскаяга кол салуу фактысы боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG