Ссылки доступа

Тажикстанда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүн өлтүрүүгө айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылды


"Азия-Плюс" сайтынын сүрөтү

4-августта Хатлон облустук соту Жайхун районундагы үй-бүлөнүн өлүмүнө айыпталган Махмадгаюр Хайбуллоев менен Киёмиддин Насриддиновду өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Азия-Плюс" агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, бул кылмышка катышкан деп айыпталган Насриддиновдун жубайы Адолат Шерматова 28 жылга соттолду.

Былтыр 12-июнда Жайхун районунун Таргок айылында 39 жаштагы Ахлиддин Махмадов жана анын 8,13, 14 жаштагы балдары өлтүрүлгөн. Анын жубайы Лотофат Азизова менен 11 жаштагы баласы аман калган. Кылмышкерлер издерин жашыруу үчүн үйдү өрттөн жиберишкен.

Эки айдан кийин Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кылмыш боюнча маалымат берип, окуя Хайбуллоев досу Насриддиновго анын аялы Махмадов менен көңүлдөш экенин айткандан кийин болгонун кабарлаган. Мекеме жарыялаган видеодо эки айыпталуучу тең Махмадовду үй-бүлөсү менен кантип өлтүрүп, үйүн кантип өрттөн жиберишкенин айтып беришкен.

Бирок соттолгондордун жакындары алардын күнөөсү жок экенин билдирүүдө. Буга чейин айыпталуучу Насриддиновдун жубайы Адолат Шерматова милиция кызматкерлери андан күйөөсүнө каршы көрсөтмө берүүнү талап кылышканын айткан. "Алар менден "кылмыш болгон күнү күйөөм менен ошол жерде болуп, баарын көргөм" деп айтуумду талап кылышты. Алар уят сөздөрдү айтып, менден ушундай көрсөтмөнү талап кылууда. Бирок мен ал түнү ата-энемдин үйүндө болчумун, эч нерсе көргөн эмесмин", – деген Шерматова.

"Азия-Плюс" агенттиги белгилегендей, сотто үч айыпталуучу тең тергөө маалында берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, ал сөздөрдү кыйноолордон улам айтышканын билдиришти.

Соттолуучулардын жакындары да өкүм менен макул эмес экенин айтып, апелляциялык арыз менен Жогорку сотко кайрыла тургандыктарын билдиришти.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG