Ссылки доступа

Алматы облусундагы атышуудан бир киши каза болду


Алматы облусунун Жамбыл районундагы Узынагаш айылында болгон ок атышуудан үч киши жараат алды.

Алматы облустук полиция департаментинин маалыматына караганда, 4-август күнү саат 16:20ларда Узынагаш ооруканасына ок тийген үч киши жеткирилген. Алардын бирөө реанимацияда көз жумган.

Мекемеден билдиришкендей, айылдын тургундары өз ара урушуп кетип, курал колдонулган.

"Учурда бул окуяга тиешеси бар бардык адамдар аныкталып, аларды кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө", – деп билдирди департаменттин басма сөз кызматы.

XS
SM
MD
LG