Борбор Азия футбол ассоциациясынын 19 жашка чейинки спортчулар арасындагы үчүнчү чемпионаты 5-августта Душанбеде башталган. Медаль үчүн бул сапар беш курама топ – Тажикстан, Иран, Өзбекстан, Кыргызстан жана Ооганстан күрөшөт.
Тажикстан менен Ооганстан жаштары арасындагы мелдеш 6-августта Душанбенин борбордук стадионунда өткөн.
CAFA-2022 мелдешинин экинчи айлампасында Кыргызстан менен Өзбекстандын оюну тең аяктап, 0:0 болгон.
Үчүнчү айлампа 8-августта өтөт. Алгач Иран менен Ооганстан командалары беттешип, андан соң оюн талаасына Кыргызстан менен Тажикстан курамалары чыгат.
Борбор Азия жаштар чемпионаты 5-12-август аралыгында өтөт. Турнирдин регламенти боюнча бардык команда бири-бири менен бирден айлампа ойноп чыгат. Жеңүүчү команда топтогон упайына жараша аныкталат.