Ссылки доступа

Талибдер кайрадан Өзбекстан менен Тажикстандан тик учактарын кайтарып берүүнү сурады


“Талибан” радикалдуу кыймылы түзгөн Ооганстан өкмөтү Тажикстан менен Өзбекстанга кайрадан кайрылып, былтыр августта “уурдалган” тик учактарды кайтарып берүүнү сурады.

“Тик учактар ооган элинин жеке менчиги болуп эсептелет. Алар Ооганстандын азыркы өкмөтүнө, коргоо министрлигине кайтарылып берилиши керек”, — деди талибдердин коргоо министрлигинин өкүлү Инаятулла Хоразами.

Былтыр августта "Талибан" кыймылы бийликке келгенден кийин ооган аскерлери Тажикстанга 18, Өзбекстанга 46 учак жана тик учактарды айдай качышкан.

Андан бери "Талибандын" жетекчилиги ооган аскерлери таштап кеткен авиатехникаларды Ооганстандын азыркы бийлигине кайтарып берүү талабы менен Тажикстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрүнө бир нече жолу кайрылган.

Быйыл апрелде Өзбекстан президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев өлкө аскердик учак жана тик учактарды америка бийлигине кайтарып берерин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG