Анда эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоо долбоору бекитилген. Кийинки жолугушуу Өзбекстанда өтөт.
Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда чек аранын узундугу 2300 чакырымды түзөт. Демаркация жараяны 2003-жылы, талаа иштери 2004-жылы башталган.
Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда чек араны аныктоо боюнча бир нече маселе болгон. Буга совет өкмөтү "экономикалык кызыкчылык" үчүн бир республиканын жерин экинчисине берип жибергени себеп болгон.
2002-жылы Астана менен Ташкенттин отосундагы келишимге ылайык, чек арадагы Багыс айылы менен Арнасай суу сактагычы Казакстанга, казактар жашаган Түркстан айылы жана Кызылордо облусундагы дагы үч калктуу конуш Өзбекстанга өткөн.