Маалыматка караганда, Бухара облусунун Ромитан районунун 45 жаштагы тургуну атайын операция учурунда кармалган.
Ал терроризм; улуттук, расалалык, этникалык же диний ажырымды козутуу; Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүмүнө шек келтирүү; Коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч жараткан материалдарды даярдоо, сактоо жана таратууга айыпталууда.
Шектүү тергөө абагына киргизилди. Жакын арада ал Өзбекстанга экстрадицияланары айтылды.