Ссылки доступа

Аскер кызматкери казак армиясында сексуалдык асылууга кабылганын билдирди


Мурунку аскер кызматкери Алматы облусунда кызмат өтөп жүргөн кезде командир сексуалдык ыдык көрсөткөнүн билдирди.

Алматы облусунун Шенгелди айылындагы 54179 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн Айганым Елчибаеванын арызын “Не молчи” кору жарыялады.

Анда Елчибаева майорлордун бири асылганын, ал баш тарткандан кийин шылдыңга кабылганын айткан.

“Майордун кемсинтүүсүнөн жана шылдыңынан кийин стресске кабылып, псориаз башталды. Бул эмделбей турган аутоиммундук оору”, - деди Елчибаева.

Аскер кызматкеринин арызына карабастан, майор тиешелүү жаза алган эмес. Ал болгону башка аскер бөлүгүнө которулган. Елчибаеванын айтымында, анын ордуна майордун жакыны дайындалган.

Елчибаева жаңы дайындалган командир андан бетер ыдык көрсөткөнүн айткан.

“Текшерүү учурунда менин макулдугумсуз эркек кишилердин көзүнчө төшүмдү, жыныс мүчөмдү кармап тийишкен”, - деп жазган Елчибаева.

Ал жергиликтүү аскер башкармалыгына азырданганын, бирок алар далил жок деп, майор менен профилактикалык гана сүйлөшүү өткөрүшкөнүн кошумчалаган.

Елчибаева “Не молчи” коруна жазган кайрылуусунда аягында аны аттестациядан өткөрбөй, мөөнөтүнөн мурда иштен алышканын билдирген.

Казакстандын Коргоо министрлиги атайын комиссия түзүлүп, Елчибаева кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнө жөнөтүлгөнүн кабарлады.

"Арызда айтылган фактылар далилденсе, командирлер тиешелүү жазасын алат", - деп айтылган билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG