Орусия ИИМинин статистикасына ылайык, апрель, май жана июнь айында келген мигранттардын 49,6% – Өзбекстан, 30,5% – Тажикстан жарандары. Алардын 40% Москва жана Москва облусунда иштөө үчүн калган.
Статистикага караганда, Өзбекстандан 1 миллион 544 миң 900 киши, Тажикстандан 953 миң, Кыргызстандан 223,2 миң, Армениядан 108,2 миң, Азербайжандан -79 миң, Беларустан 42 миң, Казакстандан 34,6 миң, Кытайдан 32,2 миң, Украинадан - 28,2 миң, Молдовадан 17,2 миң киши келген.