Ссылки доступа

Орусия запастагы аскерлерин Украина менен чектеш аймакка жөнөтүүдө


9-августта Санкт-Петербург шаарында жана Ленинград облусунда жашаган запастагы жоокерлердин бир бөлүгү аскердик даярдык үчүн күч менен Украина чек арасындагы районго жеткирилди.

Бул тууралуу "Вёрстка" басылмасы укук коргоочуларга жана резервисттерге шилтеме жасоо менен билдирди.

“Техниканы ремонттоо менен алектене турганыбызды айтышууда”, - деген аскердик комиссариаттан чакыруу алгандардын бири.

Укук коргоочулардын билдиришинче, аларга резервисттерден ондогон даттануулар келип түшкөн. Алар аскердик комиссариаттарга чакырылганы жана кандайдыр бир документтерге кол коюуга мажбурланганы белгиленген. Мындан соң аларды Украина менен чектеш Белгород облусуна алып кетишет. Запастагы аскер кызматкерлери медициналык комиссиянын текшерүүсүнөн өтүшкөн эмес.

Өз булактардын белгилешинче, “аскердик даярдык” 60 күнгө чейин созулат.

“Паспорт, аскердик билеттерин алып, аскердик бөлүккө, ал жактан Белгород облусуна жөнөтүшүүдө. Бизге техника оңдоп, снаряддарды жүктөй турганын билдиришүүдө. Алар макамы кандай экенин да билишпейт. Жаш курактары ар түрдүү: 26, 30, 40 жаш”, - деди укук коргоочулардын бири.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG