Ссылки доступа

Казакстанда тез жардам кызматкерлери маянаны жогорулатууну талап кылышууда


10-августта Маңгыстау облусунун тез жардам кызматкерлери видеокайрылуу жасашып, орточо маянаны 350 миң теңгеге (730 доллар) чейин көбөйтүүнү талап кылышты.

Нааразылыкка Жаңы-Өзөн, Актау шаараларынын, Бейнеу району менен аймактагы башка калктуу конуштардын тез жардам кызматкерлери чыгышты.

Видеокайрылууда жумушчулар Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевди, премьер-министр Алихан Смаиловду, саламаттык сактоо министри Ажан Гиниятты жана Маңгыстау облусунун акими Нурлан Ногаевди алардын көйгөйүнө көңүл бурууга чакырышкан.

“Баары кымбаттап жаткан шартта маянабызды 350 тенгеге чейин жогорулатууну сурайбыз. Эгер бул талап аткарылбаса, 15-августта иш таштоого аргасыз болобуз. Маңгыстау аймагынын жашоочуларынан алдын ала кечирим сурайбыз”, - деп айтылган видеокайрылууда.

Айдоочу Мурат Белбаевдин билдиришинче, иш берүүчү талапты карап чыгуу үчүн 5-сентярга чейин убакыт берүүнү сураган. Жумушчулар буга макул болушкан эмес.

Айдоочулар 110-120 мин теңге маяна алышарын, мындай акчага жашоо мүмкүн болбой жатканын билдиришүүдө.

Аймакта тез жарам кызматкерлери биринчи жолу нааразылыкка чыгып жаткан жок. Январда Актау шаарынын тез жардам айдоочулары маянаны жогорулатууну талап кылышкан, анда алардын айлык акысы 23% көбөйтүлгөн.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG