Ссылки доступа

Тажикстанда АКШнын Борбордук командачылыгы уюштурган машыгуу башталды


10-августта Тажикстанда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы уюштурган аскердик машыгуу башталды. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Тажикстандагы элчилиги билдирди.

АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм 20-августка чейин өтө турган “Аймактык кызматташтык - 2022” машыгуусунун катышуучуларын куттуктады. Поммершайм бул АКШнын Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен өткөргөн ири аскердик машыгуусу экенин белгиледи.

“Бул машыгуу аймактагы өнөктөштөрүбүз менен мамилени бекемдөөгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүүдө”, - деди дипломат.

Элчиликтин билдиришинче, жыл сайын өтө турган машыгуу туруктуулукту камсыздоо боюнча көп улуттуу операцияларды бекемдөөгө, терроризм менен күрөшүүгө багытталган.

Маалыматка караганда, АКШ, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Пакистан жана Монголия аскер күчтөрү алты күндүк командалык-штабдык машыгууларга катышат. Мындан тышкары Тажикстан менен АКШ беш күндүк эки тараптуу талаа окууларын өткөрөт.

XS
SM
MD
LG