Ссылки доступа

Жезказган ооруканасында маяна учурунда берилбей жатат


Жезказган шаарынын көп тармактуу ооруканасынын кызматкерлери маянанын кечиктирилишине жана эмгек шартына нааразылык билдиришти. Алар маянаны бөлүп-бөлүп төлөп берип жатышканына, 24 саат бою иштөөгө мажбур экенине даттанышты.

— Кыска эс алууан кийин ишке кайтабыз. 310 саат үчүн 120 миң теңге (250 доллар) төлөшөт. Өзүңөр эсептеп көргүлө, 310 саатты толтуруу үчүн канча күн, канча түн иштөө керек? Бизге күндүзгү ишти 9 саат, түнкү ишти 15 саат деп эсептешет. Айрым учурда киши жетпей жатканын айтышып, сутка иштетишет, - деди атын атагысы келбеген медициналык кызматкерлердин бири.

Медиктер 10-августта мекеменин жетекчилигине арыз тапшырышканын, бирок жооп боло электинин белгилешти.

Жумушчулардын айтымында, шаршембиде аларга 40 миң теңгеден которушкан. Маянанын калган бөлүгү качан колго тиери белгисиз.

“Азаттыктын” казак кызматы Улытау облустук саламаттык сактоо башкармалыгына комментарий үчүн кайрылган, жоопту күтүп жатат.

Жезказган аймактык көп тармактуу ооруканада 500дөн ашуун киши иштейт. Оорукана Жезказган, Сатпаев, Каражал шаарларынын жана Жайрем айлынын жашоочуларын тейлейт.

XS
SM
MD
LG