Ссылки доступа

"Араша" коомдук комитети Январь окуяларынан кийин кармалган активисттерди бошотууга чакырууда


Саясий туткундар менен Январь окуясынын жабырлануучуларын колдоо үчүн түзүлгөн "Араша" комитети бийликтен Январь кыргынынан кийин кармалган саясий активисттерди бошотууну талап кылды.

Комитет мүчөлөрү 10-августта Алматыда өткөн маалымат жыйынында бийликтен Январь окуяларын кылдат иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну, кыйноого катышы барларды аныктоону сурашты.

"Тергөө курал колдонгон, адам өлтүргөн же кызмат абалын ашкере колдонуп, адам өлүмүнө себепкер болгон орган кызматкерлеринин иш-аракетин тыкыр тергелген жок, сыягы. Бирок “Январь окуясына катышты” деген жалаа менен саясий оппозиция менен жарандык активисттер жоопкерчиликке тартылууда", - деп жазылган "Араша" комитети жыйындан кийин тараткан маалыматта.

Комитет Январь окуяларынын изи менен кармалган же соттолгон активистерди – каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамайды, активисттер Фарид Ишмухаметов, Аблайхан Бекеев, Азиз Жолатов, Ляззат Досмамбетова, Жанмурат Аштаев, Кайрат Султанбек, Айдар Байсагатов, Молдабай Садибековду саясий туткун деп атап, аларды бошотууну сурады.

Казак бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экенин четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG