Ссылки доступа

Ислам шериктештиги оюндары: Акматалиев жана Тыныбекова алтын байге алышты


Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам Шериктештиги Оюндарында кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев жана Айсулуу Тыныбекова алтын байгенин ээси болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, 11-августта эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалда ирандык Хоссейн Абузарипашаколаини 6:0 эсебинде утту. Ал финалга чейин алгач түркмөнстандык Мекан Оразовду, чейрек финалда тажикстандык Жамшед Шарифовду 11:0, жарым финалда азербайжандык Асгар Маммадалиевди 12:1 эсебинде жеңип алган.

Алдыда күрөштүн бул түрүнөн 92 килограмм салмакта Мирлан Чыныбеков коло байге үчүн күрөшөт.

Ушул эле күнү кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова финалда гвинеялык Фатумата Камара Йариени 11:0 эсебинде утуп, V Ислам Шериктештиги Оюндарынын чемпиону болду. Финалга чейин Тыныбекова алгач казакстандык Ирина Кузнецованы, жарым финалда сенегалдык Гоудиаби Сафиетоуну жеңип, финалга чыккан.

Айсулуу Тыныбекова ушуну менен Ислам Шериктештиги Оюндарында экинчи жолу жеңишке жетип жатат. Ал 2017-жылы Бакуда өткөн мелдеште дагы алтын байге уткан.

V Ислам Шериктештиги Оюндары 9-августта расмий ачылды. Акматалиев менен Тыныбекованын байгесин кошкондо учурда бул оюндарда Кыргызстандын эсебинде эки алтын, бир күмүш жана бир коло байге бар. 10-августта эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш жана Нуртилек Карыпбаев (86 кг) коло медал алды.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңге жакын катышуучу спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн таймашат. Мелдештер 18-августка чейин уланат.

XS
SM
MD
LG