Ссылки доступа

Роскомнадзор казакстандык сайттан Украинадагы согуш жөнүндө макаланы өчүрүүнү талап кылды


Казакстандын Ratel.kz маалымат агенттиги Роскомнадзор орусиялыктардын Украинадагы согушка карата мамилеси жөнүндө макаласын өчүрүүнү талап кылганын билдирди.

24-июлда сайтта “Орусиялык жарандар канчага чейин Орусиянын Украинадагы согушун колдошот” деген макала жарыяланган. Анда Путин үчүн коомчулуктун согушту жакташы Украинадагы согуштук аракеттерди улантуунун маанилүү ресурстарынын бири экени айтылган.

Роскомнадзор макала коомдук тартипти же коомдук коопсуздукту бузат деп эсептеген.

Ratel.kz маалымдагандай, Роскомнадзор жергиликтүү провайдерге кайрылып, эгер макала бир суткага чейин алынбаса, сайтты бөгөттөөнү сураган.

Сайт казакстандык мамлекеттик органдардан эч кандай билдирүү албаганын жазды.

Басылманын башкы редактору Марат Асипов орусиялык мекеменин талабын Казакстандын ички ишине кийлигишүү катары баалады. Ал Казакстандын Тышкы иштер министрлигин буга реакция жасоого чакырды.

“Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул жаңжалга реакция жасап, Роскомнадзорго Казакстан жарандары казак мыйзмдары менен жашай турганын эске салышы керек го дейм”, - деди Асипов.

Быйыл апрелде Роскомнадзор казакстандык Newtimes.kz сайтынан Украинадагы согуш жөнүндө жаңылыкты өчүрүүнү талап кылган. Редакция “Орусиядагы аудиториясын маалыматсыз калтырбоо үчүн” бул талапты аткарганын билдирген. Казак бийлиги буга расмий түрдө реакция жасаган эмес.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG