Ссылки доступа

Москва метросунда полициячыларга кол салды делген тажик жарандары соттолду


Москвада сот тажикстандык эки жаран тарабынан метродо  полициячыларга кол салуу иши боюнча өкүм чыгарды. Окуя быйыл 17-февралда “Тульская” станциясында болгон.

Соттун өкүмүнө ылайык, 18 жаштагы Умар Расулжонзода 3,5 жылга, анын агасы – 21 жаштагы Саидакрам Хамроев бийлик өкүлүнө күч колдонгону үчүн 2,5 жылга түрмөгө кесилди.

17-февралда 21 жаштагы Саидакрам менен 18 жаштагы Умар «Тульская» станциясында полициячыларга кол салышканы кабарланган. Орусиянын Москва шаары боюнча тергөө комитети кармалгандардын бири тек-жайын тактоо үчүн полиция бөлүмүнө баруудан баш тартканын жана полиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөнүн, экинчиси полициячыларга атайлап кол көтөргөнүн билдирген.

Айыпталуучулар болсо коргонууга гана аргасыз болушканын айтышкан.

Тажикстан элчилиги ага-инини коргоо үчүн адвокат жалдап берген, тажик мигранттары дагы эки адвокаттын кызмат акысын төлөшкөн.

Жыл сайын жүз миңдеген тажик жарандары иш издеп Орусияга жөнөшөт. Алардын көбү полиция кызматкерлеринин одоно мамилесине жана паракорчулугуна даттанып келишет.

XS
SM
MD
LG