Ссылки доступа

Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын саламаттыгы начарлап жатканын билдиришүүдө


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы күн сайын начарлап жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Мурдараак Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары аны дарылануу үчүн Орусияга жиберүү өтүнүчү менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылуу жолдошкон.

Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесаров “Азаттыкка” маалымдаган. Анын айтымында, Атамбаевдин жакындарынын суранычы менен Орусиядагы ооруканалардын биринен мурдагы президентти дарылоо жөнүндө маалымкат келген. Ал документ өтүнүчкө тиркелген.

ЖАМК жактоочулардын өтүнүчү тууралуу маалыматты тактай турганын билдирди.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу айыпталып, 2020-жылы июнь айында 11 жылга соттолгон. Быйыл 15-мартта Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырган.

Мурдагы президент Октябрь окуялары боюнча, Бишкектин четиндеги "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп куруу жана мурдагы “Себат” билим берүү мекемелеринин түркиялык он демөөрчүсүнө Кыргызстандын жарандыгын берүү иштери боюнча алгач айыпталып, кийин соттун чечими менен акталган.

Азыркы тапта Атамбаев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган.

Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келатат.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG