Ссылки доступа

Казакстандын энергетика министри: Нур-Султандын Азербайжан аркылуу мунай экспорттоо планы жок


Казакстандын Орусияны кыйгап өткөн Баку – Тблиси – Жейхан түтүгү аркылуу 1,5 миллион тонна мунай экспорттоо ниети жок. Бул тууралуу казак энергетика министри Болат Акчулаков брифинг учурунда билдирди.

12-августта Reuters агенттиги "КазМунайГаз" улуттук компаниясы Азербайжандын SOCAR компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Кабарда айтылгандай, тараптар күздөн тарта Баку — Тбилиси — Жейхан кууру менен күнүнө 30 миң баррел кара май жеткирип турууну талкуулашкан. Жаңылыкта Казакстан дагы бир куур менен Грузиянын Супса портуна эмдиги жылы 3,5 миллион тонна мунай жөнөтүүнү көздөөрү айтылган.

Ошол эле күнү кечинде брифингде Акчулаков Нур-Султандын андай ниети жоктугун, эч кандай келишимге кол коюлбаганын билдирди.

"КазМунайГаз" жума күнү Reuters тараткан маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да эмес. Азери компаниясы агенттиктин комментарий берүү өтүнүчүн четке каккан.

Казак министри Орусиянын аймагы аркылуу өткөн Каспий куур консорциумунун (КТК) үзгүлтүксүз иштөөсүнө артыкчылык берилерин белгиледи. Кошуна өлкө экспорттогон мунайдын 80 пайызы ошол куур менен кардарларга жеткирилет. Жыл башынан бери анын иши бир нече жолу токтоп калган. Эксперттер аны Нур-Султан Москванын Украинага каршы согушун колдобой койгону менен байланыштырган.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG