Ссылки доступа

Ташкентте кезектеги каржы пирамидасы аныкталды


Өзбекстанда дагы бир каржы пирамидасы уюштурулуп, ага жүздөгөн адам алданганы белгилүү болду. Бул тууралуу жергиликтүү Хабар.уз сайты жазды.

Басылманын маалыматына караганда, үч жүзгө жакын кишиге үй жана унаа алып берүүнү убада кылган Rayona Qutlug аттуу каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири акчаны алып, чет өлкөгө качып кеткен.

Жабырлануучулар орто эсеп менен ар бири автоунаа үчүн 4-5 миң доллар, үй үчүн 15-17 миң доллардан төлөгөнү, бул тууралуу алардын үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары кабардар эместигин билдиришкен.

2022-жылдын 10-январында каттоодон өткөн Rayona Qutlug жоопкерчилиги чектелген коомуна карата Ташкент шаарынын Мирабад райондук милициясы кылмыш ишин козгоду.

"Азаттыктын" өзбек кызматы банк системасына ишенич аз болгон Өзбекстанда адамдардын акчасын ар кандай жолдор менен өздөштүрүп алуу фактылары көп кездешерин жазды.

Мындай иштердин эң белгилүүсү "Ахмадбай пирамидасы" 2016-жылы кулаган. Андан бери да миңдеген адам ар кандай формадагы каржы пирамидаларына алданганы айтылып келет.

XS
SM
MD
LG