Ссылки доступа

Ташкентте жол кырсыгынан "Жигули" экиге бөлүнүп кетти


Ташкентте катуу ылдамдыкта келе жаткан "ВАЗ-2106" автоунаасы даракты сүзүп, экиге бөлүнүп кетти. Окуя жекшемби күнү таң эрте борбор калаанын Сергели районунда болгон.

Өзбекстан Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу кызматы кырсыктан 20 жаштагы айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Маалыматка караганда, ал автоунаа базарынан Түштүк автобекетке бараткан маалда рулду башкара албай калган.

Бул факты боюнча тергөө иштери башталды.

XS
SM
MD
LG