Ссылки доступа

Казакстанда 6,2 млн долларга курулган жаңы мектептин шыбынан суу өтүүдө


Алматыга жакын жайгашкан Талгар шаарынын жашоочулары 1200 орундуу жаңы мектептин сапатына нааразы. Алардын айтымында, курулушка 3 млрд теңге (6,2 млн доллар) жумшалган, бирок учурда чатырынан суу өтүп жатат.

Соцтармактарда жарыяланган видеого караганда, мектептин шыбагы түшүп, шыбы нымдан көөп кеткен. Мектептин дааратканасы көчөдө жайгашкан.

"Бул мектепте эч ким окуй элек, бирок жагдайы ушундай", -дешти тургундар.

Алматы облустук акимчилигинин басма сөз катчысы Галымурат Жукел 15-августта маалымат каражаттарына берген маегинде имарат бир ай мурун катуу жааган жамгырдын кесептетинен зыянга учураганын айтты. Акимчилик объектини курган компания 18-августка чейин кемчиликтерди жое турганын билдирүүдө. Жукелдин айтымында, абалды Алматы облусунун акимчилиги көзөмөлдөп жатат.

Ulysmedia порталынын билдиришинче, билим берүү министри Асхат Аймагамбетов мектеп курулушуна байланыштуу акимчиликке эскертүү берген.

XS
SM
MD
LG