Ссылки доступа

Тажик дзюдочусу Азия Кубогунда күмүш медаль алды


Абубакр Шеров (солдон биринчи)

Тажик дзюдочусу Абубакр Шеров 13-14-августта Казакстандын Актау шаарында өткөн Азиянын Ачык кубогунда күмүш медалга ээ болду.

66 килограмм салмак категориясында күрөшкөн Абубакр Шеров үч казакстандык балбанды утуп, финалда казакстандык Сунгат Жубаткандан жеңилип калды.

Aktau Asian Open 2022 мелдешине Тажикстандан сегиз балбан барган. Абубакр Шеровдон башкалары медаль алган жок.

Абубакр Шеров май айында Өспүрүмдөр жана жаштар арасында дзюдо боюнча Алматыда өткөн Азия Кубогунда алтын медалга ээ болгон.

Актау шаарында өткөн турнирге Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Гонконг жана Монголиядан 200дөн ашуун спортчу катышты.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG